www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Татыр айылындагы Т.Садыков атындагы жалпы билим берүү мекемесинде зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана кибер кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жалпы ата-энелер жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери ата-энелерге өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын себептери, анын кесепеттери жана мыйзам чегинде каралган жоопкерчиликтер тууралуу кеңири маалымат беришти. Өзгөчө мектеп рэкетчилиги, үй-бүлөдөгү жана коомдогу зомбулук, ошондой эле интернет тармагындагы алдамчылык, зыяндуу контенттер жана кибербуллинг маселелерине токтолушту.

Мындан сырткары ата-энелерге балдардын коопсуздугун камсыздоодо үй-бүлөнүн ролу чоң экени белгиленип, алардын интернет колдонуу маданиятын көзөмөлдөө, шектүү жагдайларда укук коргоо органдарына кайрылуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.

 

Последние новости