www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10–12-февраль күндөрү Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Чүй ОИИББсына караштуу милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун кызматкерлери үчүн саптык даярдык боюнча практикалык сабактар уюштурулду. Бул иш-чаралар өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган пландуу иштердин алкагында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Сабактардын жүрүшүндө кызматтык тартипти бекемдөөгө, аракеттердин тактыгын жана ырааттуулугун калыптандырууга, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аткаруучулук маданиятын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Иш-чаранын алкагында саптык кароолор өткөрүлүп, анда кызматкерлердин тышкы келбети, формалык кийимди туура кийүү тартиби, кызматтык күбөлүктөрүнүн бар-жогу жана атайын каражаттарынын белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилди. Жетекчилик тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Мындан тышкары, өздүк курам саптык ыкмаларды, бөлүктөрдүн сапка тизилишин жана кыймыл тартибин, командаларды сапта жана жекече так аткаруу боюнча машыгууларды өттү. Аракеттердин шайкештигине, командаларды так жана ыкчам аткарууга, ошондой эле кызматтык баш ийүү тартибин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Сабактар саптык аянтчаларда өздүк курамдын толук катышуусунда өтүп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууга туруктуу даярдыкты сактоого багытталган.