www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мулкту башкаруу боюнча

департаменти бир катар объектти ижарага берүү үчүн аукционго койду.

26-июлда аукционго коюла турчу аялдама комплекстер:

Жибек Жолу проспектисиндеги 11 аялдама комплекси;

И.Ахунбаев көчөсүндөгү 5 аялдама комплекси;

Москва көчөсүндөгү 11 аялдама комплекси.

6-августта аукцион өтө турчу объекттер:

Ч.Айтматов проспектиси менен Ы.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан

536 -чарчы м аянт социалдык жана маданий максаттагы объекттин курулушу үчүн;

И.Ахунбаев менен Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 330 чарчы м аянт жер.

12-августта ижарага берүү үчүн аукционго коюла турчу объекттер:

Ахунбаев-Абай көчөлөрүнүн (түндүк-батыш тарабы) кесилишиндеги аялдама

комплекси;

Ахунбаев-Ч.Айтматов проспектисинин кесилишиндеги аялдама комплекси;

Ахунбаев-Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдама комплексиЖибек Жолу проспекти, Москва, Ахунбаев көчөлөрүндөгү 14 аялдама комплекси.

Ошондой эле 20-августта дагы 12 объектти ижарага берүү боюнча аукцион

уюштурулат.

Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып

алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу

аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу

катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Последние новости