www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Париж Олимпиадасынын расмий ачылышы болот

Оюндун ачылыш аземине Эммануэль Макрондун чакыруусу менен Францияга барган президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

 Бүгүн Франциянын Париж шаарында XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болот.

Салтанаттуу азем Бишкек убактысы менен саат 23:30да башталат. Уюштуруучулар бул жолу ачылыш адаттагыдай стадиондо эмес, Сена дарыясында болорун маалымдашкан. Тактап айтканда, 10 500 атлет 180 кайык менен суу аркылуу сүзүп өтөрү белгиленген.

Кыргызстандан оюндарга 16 спортчу катышат. Алгачкылардан болуп сууда сүзүүчү Денис Петрашов Бишкек убактысы менен саат 15:00дө жарышка чыгат.

Ата мекендик спортчулардын таймаша турган күндөрүн материалдан окуңуз.

Оюндун ачылыш аземине Эммануэль Макрондун чакыруусу менен Францияга барган президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости