www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги базарлар дезинфекцияга жабылат. Алардын графиги

Бишкек шаарындагы базарларды тазалоо, дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз улантылып жатат. Мэрия тазалоо иштеринин графигин түзгөн.

Дүйшөмбү күндөрү тазалоо иштерине байланыштуу жабыла турган базарлар: «Дордой», «Аламүдүн», «Орто-сай», «Сары-Өзөн», «Эталон», «Алкан базары», «Элит Строй», «Ак-Суу», «Кербен», «Евразия», «Алтын-Тоо», муниципалдык базар, «Делюкс», «Алдаяр», курулуш маркети , «Таш-Рабат 1,2», «Техномаркет».

Шейшемби күндөрү: «Ак-Эммир», «Үйгө жарашык», «Ыйман», «Ярмарка Мега-Комфорт», «Аалам», «Чолпон», «Шар-Чебер ТЭБ», «Көк Сай», «Арпа», «КААР», «Айдин».

Шаршемби күндөрү «Курама-сан» (Чынар), «Мадина» жана «Таалай и К» базарлары жабык болот.

Бейшемби күндөрү «Бабакан» жана «Улар» базарлары тазаланат.

Жума күндөрү «Азиз» жана «Дордой Дыйкан» базарлары жабылат.

Жекшемби күндөрү «Ош-базары», «Уста», «Баткен» жана «Комфорт-KG» базарларынын аймагы тазаланат.

Ал эми автоунаалардын тетиктери сатылган «Кудайберген» базарында жумасына 3 жолу: шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү саат 06:00 – 10:00 аралыгында тазалоо иштери жүргүзөт. Базар жабылбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости