www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкек шаарындагы хирург дарыгерлер жаш баланын өпкөсүнөн оюнчуктун бир бөлүгүн алып чыгышты. Операция 5 жаштагы балага жасалганын балдар хирургу Калыбек Мыкыев билдирди.

Дарыгердин айтымында, бейтапты ата-энеси 2 жылдан бери бир катар ооруканаларда текшертип жүрүшкөн.

«31-январда өпкөсүнүн оң тарабынан оюнчуктун капкагын алып чыктык. Эми бала өз калыбына келгиче көп убакыт керектелет. Анда өнөкөт оорулар болушу да мүмкүн», - деди дарыгер.

Ал ата-энелерди балдарын көзөмөлгө алууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости