www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Баткендеги курулуштарга байланыштуу чуу боюнча комментарий берип, иш башкармачысы Каныбек Туманбаев мамлекеттин бир тыйына чейин үнөмдөгөн мыкты кызматкер экенин билдирди. 

Өлкө башчысы өз сөзүндө: 

"Ошентип ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, “Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. А мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да.

Алар: "Ушунун баарын Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат" деп ойлоп атышат. Ошол үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты", - деп актады. 

Андай болгон соң, Мамкурулуш агенттигинин сметасы боюнча ар бир үйдү 5,5 млн сомго курабыз дешип, ортодон ар бир үйдөн 2 миллион 200 миң сомдон жегиси келген кызматкерлер жооп бериш керек эле го?.. 

Эмнеге бул боюнча эч ким жоопкерчилик тартпайт? Ошол кездеги Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетыбаев мамлекеттин акчасын кымыргысы келгени үчүн жооп бериш керек беле? Же кызматтан алып коюу жетиштүү болдубу? 

Дегенибиз, Мамкурулуш агенттигинин сметасын чынында эле негизсиз кымбат болсо, себебин аныктап, мыйзам алкагында жоопкерчиликке тартуу маселеси козголууга тийиш эле да. Текшертпегенине жана жоопкерчиликке тартпаганына караганда бир мандем бардай туюлат. 

Себеп дегенде, тендер өтүп, тендерди  студент бала утуп алганы боюнча маалымат элдин көзүн боёгон көрүнүш экенин президент ачыкка чыгарып салды го. 

Башкача айтканда, Мамкурулуш кымбат баалагандыктан, алардан жулуп алып арзан смета түзгөндөргө берип койгонун, студент аралашкан фирма кагаз иштерин бүтүргөнгө гана керек болгонун тарс эле жайып салбадыбы? Көрсө, эч кандай тендер өтпөй эле, өз адамдарына берип коюшкан тура.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости