www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздө жаштарга терс таасирин тийгизген уюмдар бар. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “батышчыл баалуулуктарды киргизген” уюмдарды жабуу керек.

"Алар өлкөнүн стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жатат. Жада калса душмандарыбызды колдогон учурлар да болгон. Аларга чекит коюшубуз керек. Азыр алар батышчыл саясатты жайылтып, жаштардын психологиясын тескери буруп жатышат. Булар өлкөбүздүн туруктуулугуна терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан тез арада бейөкмөт уюмдарды текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу зарыл", - деди Атазов.

Эске салсак, бир күн мурда ал Кыргызстанда TikTokту жабууну да талап кылган. Анын пикиринде, “ТикТок жаш муундун идеологиясын терс багытка бура турган жаман нерселерди көрсөтүп жатат”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости