www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги көчөт базардын жемиши

Быйыл жаз кечигип келип, көчөт отургузуу, гүл себүү иштери эми гана башталды. Биз быйылкы көчөттөрдү бааларын билели деп көчөт базарга баш бактык. Бишкектеги көчөт базар азыр Кара-Жыгач конушу жакка көчүптүр. Мурда бул базар Алма-Ата–Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде турчу. Ал жакка «2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция» гүлбагы жасалгандыктан, азыр жаңы конушка көчүрүлгөн.

Бул базарда көчөттөрдөн сырткары гүлдөрдүн түрлөрү сатылат.

Замира эже Арчалардын түрүн сатат. Кээ бирлерин өзү өстүрсө, кээ бирлерин башка багбандардан сатып алат.

Элмира эже 2000-жылдан бери көчөт базарга чыгып, соода кылып жан багат.

Дайыма жапжашыл болуп туруучу шамшыт 100-350 сом.

23 жаштагы Жоомарт 17 жашынан бери апасына жардам берип бул жакта иштейт.

Алма, өрүк көчөттөр 30 сомдон башталып 100 сомго чейин турат. 

Карагаттар болсо сортуна карап 50-100 сомго чейин.

Теректер 15-20 сом турат.

Доктургүл эже Кой-Ташта өзү отургузган көчөттөрдү алып келип сатат. “Адамдар көп бак тиксе, башка жакка экспорт кылса” дейт.

38 жашта Эркебек байке 10 жылдан бери ушул базарда иштейт. Базардагы эң кымбат көчөт дагы ушул кишиники.

Ал 150 миң сом турат. Бул көк арча деп аталат. “Бул арчаны 22 жыл мурун өз колум менен отургузгам” дейт Эркебек

Эркинбек байке 90-жылдардан бери үй-бүлөсү менен базарга чыгып, гүл сатат. Колундагы георгин гүлүнүн тамыры — 150 сом турат.

25 жаштагы Элдос көчөттөрдөн сырткары газон дагы сээп берет.

Бекмырза байке 10 жылдан бери ушул базардан нан таап жеп, азыр муну балдарына өткөрүп берген. Кез-кезде келип жардам берип турат.

Гүлдөр кийин кантип гүлдөрүн билиш үчүн, анын сүрөттөрүн коюп коюшкан.

Гүлдөрдүн түрлөрү абдан көп.

Гүлдөп, даяр тургандары дагы бар.

Автор: Жибек Жыргалбек кызы

Булак: Политклиника

Последние новости