www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги коменданттык сааттын биринчи түнү кандай өттү?

Коменданттык саат киргизилген Бишкекте биринчи түн тынч өттү. Бул тууралуу комендатурадан кабарлады.

Мындан тышкары, мүлккө зыян келтирилип, талап-тоноочулук фактылары болгон жок.

Ошондой эле комендатура коменданттык саат учурунда блокпосттор аркылуу аэропортко бараткан жана келе жаткан жүргүнчүлөр билет жана паспортторун көрсөтүп өтөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда комендатурада "сall-борбор" иштеп жатат. Ал аркылуу жарандардын кайрылуу-даттануулары кабыл алынат.

Эске сала кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы кырдаалга байланыштуу 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизинде комендатура түзүлгөн. Аны ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жетектей баштаган.

Коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин болот. Бишкектин ичинде жана четинде 15 блокпост орнотулган.

Кошумчалай кетсек, коменданттык саат учурунда аэропортко бара жаткан же ал жактан келе жаткан жүргүнчүлөр билет жана паспорттору менен посттон өткөрүлөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости