www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар арасында профилактикалык иштерди жүргүзүштү. 

Түшүндүрүү иштери экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, Кытай мамлекетинин жарандары эмгектенген 12 курулуш компаниясында түшүндүрүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарга коомдук тартипти сактоону, миграциялык мыйзамдарды, ошондой эле коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүштү.

Кыргыз элинин улуттук каада-салтын, маданиятын урматтоонун, коомдук адеп-ахлак жана этика нормаларын сактоонун зарылдыгына көңүл бурулду.

Мушташ жана башка чыр-чатактарга катышуу, транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу, ошондой эле башка мыйзамсыз аракеттерди жасоо жоопкерчиликке алып келери айтылды.

Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган жарандарга КР мыйзамдарына ылайык катуу чара көрүлөрү эскертилди.

Последние новости