www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-июлга караган түнү Россиянын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы Wildberries логистикалык борборлору дрондор менен чабуулга кабылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, аталган борборлордо иштеген кыргызстандыктардын арасында жабыркагандар жок.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалыматтарды Россиянын тиешелүү органдары аркылуу тактап, расмий ырастоону күтүп жатат. Ошондой эле жергиликтүү кыргыз диаспорасы менен байланышта болуп, кырдаалга көз салууну улантууда.

ТИМ Россиянын айрым аймактарында дрон чабуулдары тууралуу маалыматтар уланып жаткандыктан, жарандарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана жергиликтүү расмий органдардын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырат.

Консулдук жардам үчүн:

- КРнын Россиядагы элчилиги: +7 925 285 50 47

- КР ТИМинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002

Последние новости