www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда белгилүү болду.

Маалыматтарга ылайык, анын өлүмүнө шектүү катары 5 жаран кармалган жана алардын көрсөтмөсү менен Кочкор районунда анын көмүлгөн сөөгү табылды. Ал эми анын машинесин кара түскө боеп коюшкан.

Окуянын толук чоо-жайы учурда иликтенүүдө. Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, 5-октябрь күнү Свердлов РИИБине Бишкек шаарынын тургуну И.З. аттуу жаран кайрылып, 1981-жылы туулган бир тууганы Хафур Абдурахеман дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, издөө иштерине колдоо көрсөтүүсүн өтүнгөн.

Аталган жаран 4-октябрь күнү, кечки саат 18:00дөр чамасында “Мадина” базарынан ак түстөгү (мамлекеттик номуру 03 KG260 ABJ) «BMW Х5» автоунаасы менен кеткенден кийин дайынсыз болуп болуп келген. Аталган факт Свердлов РИИББи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости