www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аналитиктердин иликтөөсүндө, өткөн жылдан тарта дүйнөдө iPhone смартфонунун сатылуусу төмөндөп кеткен. Айрыкча Орто Азяда, өзгөчө Кытайда кызыкчылык кескин азайганы байкалган.

Анткен менен жаңы билдирүүлөргө ылайык, iPhone 11 смартфондун сатылуусу жогорку деңгээлге чыкканы айтылат. Бул моделдин Кытайдагы эле сатыгы ушул жылдын сентябрь айында 230 пайызга өскөн.

Ал эми былтыр, 2018-жылы сентябрда iPhone XS линиясын чыгаруу менен Apple компаниясы сатыкты 110 пайызга көтөрө алган. Аналитиктер аталган компаниянын чоң жетишкендигин iPhone 11 үлгүсүнүн жеткиликтүү баасы жана анын өзгөчө түстөрүнө байлап жатышат. Тагыраагы, алар iPhone 11 үлгүсүнүн базалык наркы 699 доллар болушу - азиялык рынок үчүн кыйла жагымдуу вариант катары эсептешет.

Белгилей кетсек, Apple компаниясы келерки, 2020-жылга Айфондун жаңы төрт үлгүсүн чыгарууну пландап жатат. Алардын бирөө мурдагы iPhone SE үлгүсүнүн жаңыртылган түрү “iPhone SE 2” аталышы менен чыкса, калган үчөө, “iPhone 11 Pro” жана “iPhone 11 Pro Max” – деп аталат.

Булак: NazarNews.kg.

Последние новости