www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук тармагында Гүлзат Аалиева деген катталуучу бар. Буга чейин ал бир нече жолу түндүк-түштүк маселесин көтөрүп, социалдык тармакта эки тарап кылып чабыштырып келген. Учурда Гүлзат айымдын чабыштырмай адаты дагы башталып, “УЛУГБЕК ОРМОНОВДУН АЛЫ АРКАЛЫКТАРГА ЭЛЕ КЕЛЕБИ?” деген тема менен пост жүктөдү. Мындай ич ара кагылышуу макалага УКМК качан көңүл бурат?

Төмөндө Гүлзат Аалиеванын макаласы толугу менен:

АРСТАН АЛАЙДЫ СОТТОСО, АНДА АЙКӨЛ МАНАСТЫ АШАТА СӨКТҮРГӨН ААЛЫМДАР МЕНЕН МУФТИЙДИ ДА СОТТОО КЕРЕК же ДЕПУТАТ УЛУГБЕК ОРМОНОВДУН АЛЫ АРКАЛЫКТАРГА ЭЛЕ КЕЛЕБИ?

Тема Гүлзат Аалиева тарабынан даярдалды

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС! ТЕҢИРИМ ЖАЛГАП, КЫДЫР-УМАЙЫМ (КУДАЙЫМ) КОЛДОСУН!

Интернетте "Арстан Алайдын маселеси Жогорку Кеңеште каралып, депуттар дин комиссиясынын жетекчисинен теңирчилер дин уюму катары катталуу тууралуу арыз менен кайрылган-кайрылбаганын сурашты" жана "Арстан Алай өзүн "Мен Кудаймын" деп атаганы үчүн Кылмыш-жаза Кодексинин 299-беренеси боюнча жоопко тартылганы жатат" деген маалымат тароодо.

Эмне десем?

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Арстан Алайга өз дин таанымын эркин тандап алуу укугун берет. Демек, Арстан Алай өз идеясын сунуш кылуу укугуна ээ.

2. Арстан Алайдын көз караштары менен идеялары нечендеген кылымдарды карыткан кыргыз элинин салттуу Теңир таанымына кирбейт. Демек, Арстан Алайды Жогорку Кеңештин трибунасы менен күч органдары аркылуу расмий түрдө "теңирчи" деп атоодон мурда анын салттуу Теңир таанымга таандык экенин ачык, так көрсөткөн критерийлерин атап бергилечи!

3. Күч органдары Арстан Алайды "Кудай болдуң" же "Кудай эмессиң" деген негиздер менен жоопко таптабы? Бул дүйнөлүк юриспруденциянын тарыхындагы бирден бир маскарачылык преценденти эмеспи?

4. Аркалык Арстан Алайды Жогорку Кеңештин трибунасынан маселе катары көтөрүп чыккан Улугбек Ормонов деген түштүктүк депутат Дача-Суу боюнча бир комментарий жазган чүйлүк (аркалык) кызды ГКНБ ж.б. жактарга сүйрөп жатып, иштен алып, үй-бүлөсүнө чейин киришип, баш көтөргүс кылып, жайлады эле.

5. Аркалыктарга асылган Улугбек Ормонов ● 2017-жылдын 7-апрелинде Айкөл Манасты, ● басымдуу көп бөлүгүн аркалыктар түзгөн апрель баатырларынын жаркын элесин, ● аркалыктардын тили негизине коюлган адабий кыргыз тилин, ● кыргыз баалуулуктарын коргогон мекенчил инсандарды "теңирчи" атап, "биз көппүз, теңирчилер аз", "биз теңирчилерди союп кетебиз", "мууздап салабыз", "таш бараңга алабыз", "өлтүрүп салабыз", "сексуалдык кордук көрсөтөбүз" деп нукура кыргыздардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч туудуруп, сарт тилинде ашата сөккөн жана сөктүргөн жердештерине, ● Кыдыр атадан улуу мурас катары калган кыргыздын касиеттүү ак калпагын итке кийгизген түрк мусулмандарына, ● нукура кыргыздын каада-салтын "ширк", "мырк", "арам", "харам" деп тейтейген тексиз аалымдар менен миңдеген бок ооз исламчыларга эмне унчукпайт?

Же аркалыктарга асылуу аркылуу Улугбек Ормонов араптан алган акчаны сиңириш үчүн Аллахтын атына жамынып, кыргызды жерден ала көргө сала кордогон жердештери менен диндештерине боор тартып жатабы?

6. Арстан Алайды соттоо зарылдыгы болсо, анда калыстык үчүн жогоруда аталган жосуундарды жасаган радикалдуу мусулмандар менен ошол жосуундарды жасаткан ● муфтий Максатбек Токтомушевди, ● аалымдар Чубак Жалилов менен Абдышүкүр Нарматовду, ● "Ыйман" фондусунун мурунку жетекчиси, азыр Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековду да милдеттүү түрдө жоопко тартуу керек.

7. Ажо жеке кызыкчылыгы үчүн өз эли менен досун сатып, арапка тоңкойсо эле, элдин баары эле "араптын акчасы керемет" деп, өз тегине, өз тарыхына, өз баалуулуктарына чыыкынчы болуп калбайт да. Эси барда этегин жабышсын! Эл толкуса, селди токтотуу кыйын болуп калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости