www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк медициналык борбору аталган жерде иштеген медициналык кызматкерлер илдет жуктуруп алгандыктан, дезинфекциялоо иш-чарасын жүргүзүлөт. Ага байланыштуу аталган оорукана убактылуу жабылды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратев журналисттерге билдирген. Анын айтымында аталган бейтапкананын 4 кызматкеринен илдет тастыкталган.
Эске сала кетсек, ушуну менен Кыргызстанда 116 медициналык кызматкерде коронавирус аныкталган:
– дарыгерлер – 38;
– орто билимдүү кызматкерлер – 46;
– башка кызматкерлер – 18.
Учурда өлкө боюнча коронавирус илдети менен 489 адам жабыркоодо.
Булак: NazarNews.kg