www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Арча-Бешик конушундагы «Абдуллах ибн Масъуд» атындагы медреседе тамак-аштан уулануу белгилери менен 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан билдиришти.
Медициналык мекеменин маалыматы боюнча, бейтаптар 18-июнда саат 12:00дөн баштап кабыл алуу бөлүмүнө түшө баштаган. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө ооругандардын бардыгы Чатыр-Көл көчөсү 38 дарегинде жайгашкан медреседен оливье салатын жешкендиги аныкталган.
Жалпысынан 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылса, калган 27сине амбулатордук дарылоо дайындалган. Бир бейтап жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатат.
Учурда бейтаптардын абалы орточо оор деп бааланууда.