www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Арал айылынын 1996-жылы туулган тургуну Самат Айдарбекович Узакбаев дайынсыз изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2026-жылдын 31-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Учурда анын жүргөн жери белгисиз.
Самат Узакбаевдин бою 170–175 сантиметр, толук дене түзүлүштө, чачы кыска кара түстө, көзү күрөң.
Өзгөчө белгилери – сол бутунда операциядан калган тырыгы бар жана аксап басат.
Үйдөн чыккан учурда кара кепка, кара толстовка, кара спорттук шым жана кара кирза өтүк кийип жүргөн.
Аталган жарандын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан Сокулук РИИБине төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоосу өтүнүлөт: 0558 86-14-86 же 0313 45-33-80.