www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин мектептеринде билим алган 1-класстын окуучулары 15-февралдан 22-февралга чейин каникулга тарашат. Бул тууралуу агенттигине ордо калаадагы Билим берүү башкармалыгынын маалымат катчысы Мээрим Халиалдаева билдирди.
Анын айтымында, бир жумалык каникулга 1-класстын окуучулары гана тарайт.
«Мындай каникул жылда эле болчу. Бөбөктөр бир жумага каникулга чыгып, кайра 22-февралда окуу башталат. Ал эми 23-февраль майрам болгондуктан, бир күн эс алып, эртеси окушат», — деди Халиалдаева.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы аймактарда кошумча каникулдарды ар бир облус, райондун жетекчилери өз алдынча чече турганын белгиледи.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан бери оффлайн режиминде 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана билим алып жатышкан. Калган класстар аралыктан окушууда.
Булак: NazarNews.kg