www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» жаңы конуштарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу иштери толугу менен аяктады.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында «Нуркожо-Ата» конушунда борбордук көчөгө кубаттуулугу 100 ватт болгон 56 заманбап LED чырак орнотулуп, 1 миң 708 метр СИП 4×16 үлгүсүндөгү электр зымы тартылды.
Ал эми «Адилет» конушунда 100 ватттык 15 LED чырак орнотулуп, 656 метр СИП 4×16 электр зымы төшөлдү.
Белгиленгендей, жаңы LED чырактар көчөлөрдү түнкү убакта сапаттуу жарыктандыруу менен катар электр энергиясын үнөмдөйт.
Ал эми СИП зымдары ар кандай аба ырайына туруктуу болуп, авариялык кырдаалдардын алдын алууга жардам берет.
Долбоор Свердлов районунун инфраструктурасын жакшыртуу жана тургундар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылды.