www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Жумгал районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Нарын ОИИБдин маалыматына ылайык, милицияга Түгөл-Сай айылынын тургуну кайрылып, 2023-жылдын октябрь жана ноябрь айларында мал сатып берүү шылтоосу менен шектүү анын жалпы баасы 1 миллион 510 миң сомду түзгөн 95 баш козусун, 21 баш коюн, эки кунанын, бир уйун жана дагы үч кунанын алып кеткенин билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, шектүү жалпы сумманын 466 миң 800 сомун гана төлөп, калган 1 миллион 43 миң 200 сомду ар кандай шылтоолор менен кайтарбай жүргөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну кармалып, Жумгал РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып, тергөө иштери уланууда.

Последние новости