www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы каннабис тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
ИИМдин маалыматына ылайык, 26-июлда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген.
Унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 28 килограмм 666 грамм болгон беш кап «марихуана» табылып, алынган.
Ошол эле күнү жүргүзүлгөн кошумча ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмыштуу топтун дагы үч мүчөсү кармалган.
Мындан тышкары, Нарын облусунун Жумгал районундагы алардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 482 грамм «марихуана», ошондой эле баңгизат даярдоодо колдонулган шаймандар – марли, газ баллону, газ конфоркасы жана ар түрдүү идиштер алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жеткирүү каналдарын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.