www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №72 мектептин 8-классынын окуучусу Аннас 20-январда мектептин дааратканасында 9-класстын окуучулары тарабынан сабалып, ооруканага түшүп, 4-февралда каза болгон. Бул окуяга шектүү катары 9-класстын окуучусу Т.И. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү Т.И., 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы аныкталган. Натыйжасында, 8-класстын окуучусу А.Анын денесине залал келтирип, ал эсин жоготуп, ооруканага жаткырылып, каза болгон. Тергөөнүн жыйынтыгында, 2009-жылы туулган Т.И. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130 (ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208 (опузалап талап кылуу) беренелери менен кылмыш иши козголгон.

«Эскерте кетсек, шектүүнүн баңгизат колдонгондугу тууралуу маалымат тастыкталган эмес, себеби бардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, жыйынтыгында колдонуунун издери табылган эмес» — деп билдерет Бишкек шаардык милициясы.

Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости