www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Иркутск облусунун Шелехов райондук ооруканасында 28 жаштагы аял чумадан каза болду. Бул маалыматты Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов тастыктады.

Окуядан кийин ооруканадагы бир катар бөлүмдөр карантинге жабылып, бейтаптарды кабыл алуу жана чыгаруу убактылуу токтотулду. 

Маалыматтарга караганда, каза болгон аял чумага каршы мекемеде иштеген болушу мүмкүн. Расмий органдар бул маалыматты азырынча ырастай элек.

Маркум менен байланышта болгон 197 адам аныкталып, алардын 189у медициналык көзөмөлгө алынды. 

Учурда Роспотребнадзор тарабынан эпидемияга каршы бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Последние новости