www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиядагы "Чебаркуль" полигонунда ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү-2026", "Издөө-2026" жана "Эшелон-2026" машыгууларынын активдүү фазасы аяктады. Ага Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери да катышты.
Машыгууда чек арадагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, чалгындоо, шарттуу душманды жок кылуу, чек ара көзөмөлүн калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча тапшырмалар аткарылды.
Иш-чарага ЖККУ өлкөлөрүнөн 2 миңге жакын аскер кызматкери жана 350 техника тартылган. Учкучсуз аппараттар жана роботтоштурулган комплекстер кеңири колдонулду.