www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын Кыргызстандагы концерти үчүн анын гонорарына мамлекет бир да сом коротпойт. Бул тууралуу Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигинин журналистинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал концерт каражат табуучу эмес, имдждик иш-чара болуп саналат.

"Менин угушумча, Шакиранын кызыгуусу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин пайда болгон. Концертти жеке компания уюштуруп жатат. Биз стадионго жана коопсуздукка көзөмөл кылабыз. Шакиранын гонорарына бюджеттен бир тыйын да бөлүнбөйт. Стадиондун ижарасынан түшкөн каражат толугу менен объектини тейлөөгө жумшалат. Максатыбыз — акча табуу эмес, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, туризмди өнүктүрүү", — деди Туманбаев.

Айтымында, Шакиранын 18-октябрдагы концерти экономикага да салым кошот. Ага келген чет өлкөлүк коноктор мейманкана, тамактануучу жайлар жана такси кызматтарына акча коротот.

Последние новости