www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаменти жана анын Бишкек шаардык башкармалыгы объектилердеги курулуш нормаларынын жана коопсуздук талаптарынын сакталышы, курулуш аймактарынын талаптагыдай уюштурулушу текшерилүүдө.
Натыйжада 17 курулуш объектисинде бир катар кемчиликтер аныкталып, компанияларга аларды жоюу жана белгиленген талаптарды так сактоо боюнча жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди.
Алар:
1. “Зстек Строй” ЖЧКсы — Кийизбаев көчөсү 46а, 48, 50 жана Заречный көчөсү 51, 53 даректериндеги көп кабаттуу объект;
2. “Action” ЖЧКсы — Малдыбаев көчөсү 246 дарегиндеги 14 кабаттуу турак үй;
3. “Левел Констракшн” ЖЧКсы — Айни көчөсү 10, 14 кабаттуу турак үй;
4. “Роял Констракшн” ЖЧКсы — Молдобасанов көчөсү 86, 22 кабаттуу турак үй;
5. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясы — Калык Акиев көчөсү 95 дарегиндеги административдик-тиричилик корпусу.
6. “03 Новотех” ЖЧКсы — Аламүдүн району, Орто-Сай айылындагы 13-контурда жайгашкан көп кабаттуу турак жай комплекси, мейманкана жана жер алдындагы автопаркинг;
7. “Каскад Групп” ЖЧКсы — Орто-Сай айылы, Солнечный көчөсүндө жайгашкан 8 кабаттуу турак жай;
8. “Бай Турмуш Инвест” ЖЧКсы — Лонгвиненко көчөсү 25, 30 кабаттуу көп функционалдуу турак жай комплекси;
9. “МНС Холдинг” ЖЧКсы — Лебединовка айылы, Ленин көчөсү 222 дарегиндеги 16 кабаттуу объект;
10. “Монолит Капитал Строй” ЖЧКсы — Лебединовка айылы, Мичурин көчөсү 163, 16 кабаттуу курулуш объектиси;
11. “Семак Груп” ЖЧКсы — Леваневский көчөсү 110, 17 кабаттуу объект;
12. “Имарат Прогресс” ЖЧКсы —Валиханов көчөсү 1/2, 1/4, 1/5, 1/6 даректериндеги 16 кабаттуу объект;
13. “Монолит Капитал Строй” ЖЧКсы — Молдокулов көчөсү 100/1, 16 кабаттуу объект;
14. ”Альфа Аура” ЖЧКсы — Ауэзов жана Чүй көчөлөрүндө салынып жаткан 9 кабаттуу турак үй;
15. ”Дивизион Девелопмент” ЖЧКсы — Зеленный 7/1 дарегиндеги 9 кабаттуу турак үй;
16. ”СиартСпейс” ЖЧКсы — Масалиев 55 дарегиндеги 4 кабаттуу административдик кеңсе;
17. ”Старт Компани” ЖЧКсы — Панфилов 162 дарегиндеги М. Күреңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы үчүн жатаканасы бар 8 кабаттуу окуу корпусу.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүү боюнча берилген эскертүүлөрдүн аткарылышы департамент тарабынан көзөмөлгө алынат.
Курулуш ченемдерин, коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарын бузууга жол берген объекттер боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.