www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Россия” бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан каржылык уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу жана көмүскө кирешелерди адалдоого басым жасаган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө “Россия” бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштыруу, жөнөтүү (криптовалюта сатып алуу) иштерин уюштуруп жүргөн Кыргызстандын жана Россиянын айрым жарандары аныкталды.
Жогорудагы фактылар боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg