www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Өкмөтү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынан 17 гектар жерди Азербайжанга 49 жылга бергени жатат. Бул боюнча макулдашуунун келишими Жогорку Кеңешке киргизилди. 

Макулдашууга ылайык, Азербайжан 5 жылдыздуу мейманкана курат. Кыргызстан курулуш иштери аяктаганга чейин 10 жылга салыктан бошотот. Мына сага айкөлдүк, берешендик. 

Буга чейин Өзбекстанга баш-аягы 80 гектар жери бар 4 пансионат 49 жылга берилип кетти. Андан мурда дагы 4 пансионат казактарга өткөн. 

Мынча болду көлдү торт бөлгөндөй эле, бөлүп-бөлүп берип салгыла. Ысык-Көлдүн бүгүн кунары качып, суусу жылдан жылга тартылып ыйлап турат. Деги кийинки муунга жер-суу калабы?

Мындай саясат менен ыйык делген Ысык-Көл ооруп, суусу соолуп жок болот. Мейманкана, пансионат салбай эле коюшсун, көлдүн жерин ар кимге бөлүп, таратып сатпай эле жайына коюшса эл ыраазы болмок. Инвестиция салат деген чапанга жамынып ар кимге сатып жибергенден карапайым калк, өлкө пайда таппайт. Көл да анчалык массаны көтөрө албайт. Өзүн-өзү тазалай албай ооруйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости