www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы мектепте массалык уулануу катталды, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

31-октябрда болжол менен саат 22:00дө Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага тамак-аштан уулануунун белгилери менен ооруган жарандар кайрылышкан. Анамнезден белгилүү болгондой, алардын баары ошол эле күнү түшкү тамактануу учурунда мектепте шаурма жешкен Жалпысынан 58 бейтап дарыгерлерге кайрылса, анын ичинен: 54 бейтап жаш балдар жана 4 бейтап чоң киши болгон.

9 бейтап (7 бала жана 2 чоң киши) ооруканага жаткырылган, абалы туруктуу

49 бейтап текшерүүдөн өткөндөн жана медициналык жардам көрсөтүлгенден кийин тиешелүү сунуштамалар менен амбулатордук дарыланууга жөнөтүлген.

«Стационардык дарыланууда жаткан бейтаптардын баары керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалды. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери бул окуя боюнча эпидемиоло иликтөө жүргүзүүнү улантууда»,- деп кошумчалашты Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Ата-энелердин айтымында, уулануу «Сейтек STEM» мектебинде болгон.

Последние новости