www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең мененки жана кечки убактарда күнүнө эки ирет бир нече саатка электр энергиясынын кубаттуулугун 5 кВттын ордуна 3 кВтка түшүргөн чектөө киргизилди. Бул жагдай электрди колдонуу өсүп, керектөө кескин көбөйүүсүнө байланыштуу көрүлүп жаткан чара экени айтылып, керектөөчүлөргө атайын билдирүү таратылды.
"Кыргызстан УЭТ" ААК электр энергиясын максималдуу колдонуу —эртең мененки саат 07:00дөн 09:00гө чейин жана кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин — кээ бир көмөк чордондор ашыкча жүктөм менен иштеп жатканын маалымдайт.
Эгерде көмөк чордондо ашыкча жүктөм катталса, ошол көмөк чордондун ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн, эсептегичтеги кубаттуулук автоматтык түрдө 5 кВттан 3 кВт чейин төмөндөйт.
Көрсөтүлгөн сааттарда бир эле учурда кубаттуу электр приборлорун (жылыткыч, үтүк, кир жуугуч машина, ж.б.) колдонбоого сунушталат.
Бул убактылуу чектөө Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 79-пунктунда, ошондой эле ишкана менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишиминде көрсөтүлгөн, жазылган билдирүүдө.
Урматтуу керектөөчүлөр!
Энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында ар бириңиздерди электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз.
Сиздердин түшүнүүңүздөр жана колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Келгиле, баарыбыз биргеликте энергияны үнөмдөп, туруктуу камсыздоого салым кошолу!