www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стацонарларга жалпы 47 миңден ашуун жаран медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Ал эми акыркы суткада күндүзгү стационарларга 5 миңдей бейтап кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Борбор калаа боюнча 45 миң 403 жаран стационарларга кайрылып, анын ичинен 23 миң 722 бейтабына ийне жана тамчылатып ийне саюу кызматы көрсөтүлүп, 12 миң 425 жаранга дарыгерлердин кеңеши берилген. Ал эми 246 бейтап ооруканаларга жаткырылган.
Түнкү стационарлар ачылган күндөн тартып, тагыраагы 4 күндөн бери 1 миң 759 жаранды кабыл алып, анын 10у ооруканага жаткырылды.
Жеке ишкерлердин жардамы менен стационарларга кычкылтек концентраторлор, пульсоксиметрлер менен камсыздалып, дарыканалар ачылгандыгы тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, өткөн суткада стацонарларга кайрылган бейтаптардын арасында каза болгондор катталган жок.
Булак: NazarNews.kg