www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги таштанды таштоочу жай боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарындагы таштанды таштоочу жай боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, подрядчы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген каражатты туура жана эффективдүү пайдаланган эмес.

«Тазалыктын» кызматкерлеринин жоопкерчилиги да каралышы мүмкүн», - деди мэр.

  • 2017-жылы Бишкек шаарында жаңы таштанды таштоочу полигон жана таштанды сорттогон фабрика курулушу керек болчу. Эски таштанды таштоочу жай рекультивация болмок. Бул иштерге Бишкектин мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан жана Еврокомиссиядан 11 млн евро алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости