www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Audi C4 маркасындагы автоунаа Боом капчыгайында жол четиндеги тосмого урунгандан кийин өрттөнүп кетти. Окуянын күбөсү кырсыктын видеосун жиберген. Анын билдиришинче, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 122-чакырымында катталган. Жабыркагандар болгон эмес.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы кырсыкка кабылган унаа өрттөнүп кеткенин тастыктады.
Жабыр тарткандар тууралуу азырынча так маалымат жок, бирок бир киши жапа чеккен болушу мүмкүн. ЖКККББ кызматкерлери жеринде аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Булак: NazarNews.kg