www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү заводдо ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны өттү.

Ага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери да катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө комиссия Бишкек шаардык полигонун текшерип, заводдун технологиялык процесси менен таанышты.

Маалыматка ылайык, заводдун экинчи этабын куруу жана анын кубаттуулугун суткасына 3 миң тоннага чейин көбөйтүү пландалууда.

Комиссияга ишкананын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн, анын ичинде кайра иштетилген калдыктардын жана өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн, чыгымдарды, кирешелерди, ошондой эле долбоордун экинчи этабынын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн талдоо жана баалоо тапшырылды.

Министрликтин компетенциясынын алкагында заводдун ишмердигине жана экинчи этаптын курулушуна байланыштуу жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары эске алынуу менен тиешелүү корутунду берилет.

Иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында 10-сентябрда өткөн жыйналыштын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында өткөрүлдү.

Последние новости