www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 17-сентябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы кооптуу тилкелер жана бир катар объекттердеги иштер менен жеринен таанышты.
Министр облустук ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев менен биргеликте Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы дамбаны калыбына келтирүү иштерин көрдү.
Ошондой эле Нарын районунун Жан-Булак айылы жана Дөбөлү айыл аймагына караштуу Сейил-Булак участогунда Нарын дарыясынын жээк эрозиясынын абалы текшерилди. Ат-Башы айылында Ат-Башы суусунун жээгин бекемдөө жана дамба куруу маселелери каралды.
Мындан тышкары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарынын, Нарын районунун Таш-Башат айылындагы Д. Мамбетов атындагы жана Ак-Талаа районунун Терек айылындагы К. Молдобасанов атындагы орто мектептердин курулушунун жүрүшү текшерилди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Аларды чечүү боюнча министрликтин облустук башкармалыктарына тиешелүү тапшырмаларды берди.