www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда курулуш объектилерине жүргүзүлгөн көзөмөлдүн алкагында Кадамжай районундагы “Исфайрам-4” кичи ГЭСинин курулушуна пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы жүргүзгөн.
Анын жыйынтыгында объектте арматураларды монтаждоо иштери бекитилген башкы долбоордун талаптарынан четтөө менен аткарылганы аныкталган.
Бул шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу болуп саналат.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Бай Строй” ЖЧКсына акт түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди башкы долбоорго ылайык келтирүү боюнча эскертүү берилди.
Мындан тышкары, юридикалык жакка 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Курулуш иштери мыйзам бузуулар жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.