www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-министр камалды

Москвадагы Мещанский райондук соту Орусиянын мурдагы санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министри Николай Никифоровду сыртынан камакка алды.

Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталууда жана эл аралык издөөдө.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Никифоров «Финико» каржы пирамидасын түзгөндөрдүн бири катары каралууда. Пирамидадан жабыркагандардын саны Орусиянын көпчүлүк аймактарын жана 100дөн ашык өлкөнү камтып, келтирилген зыян 5 млрд рублдан ашканы айтылат.

Никифоров 2012–2018-жылдары Орусиянын байланыш министри болуп иштеген. 2018-жылдан бери БАЭде жашап келгени кабарланууда.

Последние новости