www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги үйлөргө жылуулук качан берилет?

 Бишкек шаарындагы турак жайларга жылуулук түнгө чейин жеткирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Алар электр энергиясындагы авариялык кырдаал тууралуу маалымат беришти. Жапаровдун айтымында, Бишкек жылуулук электр борбору кадимки тартипте иштей баштады.

Бекмурзаев борбор калаада басым жогору болгондугуна байланыштуу кичине бир бөлүгү жырылып кеткенин кошумчалады. Аны менен катар ЖЭБде олуттуу авария болбогонун белгиледи. Андыктан түнгө чейин калаадагы бардык үйлөргө жылуулук берилет.

Бүгүн саат 12:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчкөн. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактары электр кубатысыз калганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости