www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл

Үстүбүздөгү жылы Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи фазасынын курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курулушка инфраструктураны даярдоо үчүн 18,8 млн доллар талап кылынат.

“Жалпысынан биринчи генераторду ишке киргизүү үчүн 486 млн доллар талап кылынат, ал үчүн 3 жылга жакын убакыт керектелет”, - деп кошумчалады Жапаров.

Эске салсак, бүгүн 25-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында электрэнергиясы үзгүлтүкө учурады. Бирок "ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАР" ачык акционердик коому эч бир жерде авариялык абал болбогонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости