www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Негизи, кино искусствонун бир бөлүгү. Кинону көркүнө чыгарган - сценарий. Союз доорунда кыргыз киноиндустриянын гүлдөгөн учуру мына ошол Эркин Борбиевдин сценарийи боюнча тартылган тасмалар десем жаңылышпасмын.

- Киносценарист, КР искусствосуна эмгек сиңирген ишмери Эркин Борбиевдин сценарийлери ары кызыктуу, ары татаалдыгы менен элдин эсинде калды…

- Атабыз Эркин сиз айткандай киносценарист жана публицист эле. Анын көптөгөн көркөм жана даректүү киноленталардан болгон: “Ташка баткан элестер”, “13чү небере”, “Не болсо ошо болсун”, “Атадан калган туяк”, “Дагы бир кубанычтуу күн”, “Автопоезд” жана “Кыргызстандын кинолетописи” үчилилтиктин автору. «Сандардын чатагы» аттуу биринчи кыргыз мультфильминин сценарийин жазган жана улуттук кино искусствонун жаңы түрүн уюштурууга салым кошкон.

- "Кыйын ишти байкап айт, оӊой дебе, Колдон келбес жумушту болот дебе” дегендей, Эркин Борбиевдин чыгармалары да өз турпатындай олуттуу көрүнөт. Бир чыгарманы баштадыбы, аягына чыкмайынча жаны жай албайт дешет билгендер...

- Туура. Биринчи китеби «Мен жазды сагындым» деген ат менен 1967-жылы жарыкка чыккан. “Кайрадан саат тогузда”, “Мала күндүн батышы”, “Жаандан кийин бейшембиде”, 1984-жылдан «Манас» эпосун орус тилинде басып чыгаруу жана даярдоо иштерине жигердүү катышкан. Атам менен апама китептер өзүнчө, бир сыйкырдуу сыр дүйнө. Биздин бала чагыбыз дагы китептердин арасында өттү. Атамдын бөлмөсүндө миңдеген китептер бар эле, алардын баардыгы жөн эле көргөзмө үчүн эмес, ачылып, бир нече жолу окулган жана кээ бир жерлери асты чийилген китептер эле.

- "Мен кылдым!" деп, көпчүлүк көзүнчө төш койгулаганың эмес, көмүскөдө бекинип жасаган ишиң чоң эрдик деген сөз кино сценаристтерге таандык. Бала чагыңызда атаңыздын бир бөлмөдө аалам менен бир болуп, иштеген күндөрү эсиңиздеби?

- Ооба, атабыздын чакан китепкансы бар. Балабыз да, кээде кагаздарын учак жасай коюп жеме укчу элек… Азыр эстесем атам киносценарий же китеп жазганда ушул болмого жумалап бекинип алчу. Жазуучулардын Арашан айлында эс алуу үйү бар, ошол жакта эс алганча чыгармачылык менен алпурушчу. Үйдө апам менен балдарын унутулгус руханий кооз дүйнөгө ээрчитип барчу.

- Эркин мырзанын кесиби мүнөзүнө карата калыптандыбы же мүнөзү кесисинчеби?

- Кесиби мүнөзүнө карата калыптанды десем туура болоор. Атам мыкты ангемечи, терең ой-пикирдүү тыңдоочу, дос-жарларга жакын дос эле. Ангемелеринде  атамдын жаш кезектеги талаптары, калоолору, ой-тилектери, азыркы учурда да  убакыт өткөнү менен атабыздын жаштыгын тилек калоолорун чагылдырып турат десем жанылбайм. Бул бир. Экинчиси ааламдай болгон сүйүү фактору - жашоого, балдарга, элге жана экинчиси бу инсандын көз менен көрүп болбогон, бирок маектешсең  билинген - Руханий ич байлыгы.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости