www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын 60 пайызына электр жарыгы берилди

Кыргызстандын 60 пайызына электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал өлкөнүн түштүк аймагы электр жарыгы менен толук камсыз болгонун белгиледи.

"Электр энергиясы акырындык менен бардык жакка берилип жатат. Балким азыр өлкөнүн 60 пайызы камсыз болду. Учурда Энергетиктер тыным албай иштеп жатат. Кечке чейин өлкөнүн бардык аймагында жарык күйүп калат", — деди министр.

Мындан тышкары ал ТЭЦте жылуулук берүү иштери түнгө чейин калыбына келип каларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 12:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчкөн. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында электр кубатысыз калганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости