www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин жатаканасынан кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда милицияга жатакананын бөлмөлөрүнүн биринен кыздын сөөгү табылганы тууралуу кабар келген. Айтылган дарекке келген РИИБдин тергөө-ыкчам тобу кызды асынган абалда табышкан.

«Кыздын өздүгүн аныкталып, ал 2005-жылы туулган Р.А. экени белгилүү болгон. Денеден зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча милиция иликтөө иштерин баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости