www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко жаш кезинде журналист болууну самаганын айтып берди. 

Лукашенконун айтымында, ал башкалардын кеңеши менен кесибин тандаган.

"Мен өзүмдү тарыхчы болом деп элестете алчу эмесмин. Мени ага кайненем мажбурлады. Өзүм журналист болууну каалап, окууга тапшырууга даярданып жатканда: "Кереги жок. Сен мыкты тарыхчы болосуң, барып сынакка катыш", деген болочоктогу кайненем. Ошондон улам балким бул да туура кадам чыгаар деп тапшырып калгам", — деп Лукашенко агынан жарылды.

Бирок, буга карабай Александр Лукашенко кайненесине ыраазы экенин айткан.

Белгилей кетсек, Александр Лукашенко Беларусияны 30 жылга жакын убакыттан бери башкарып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости