www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтап толуп калгандыктан обсервацияга жабылды. Бул тууралуу мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Алиев билдирди.

Анын айтымында, бейтаптарды кабыл алуу толугу бойдон токтотулуп, оорукана учурда обсервациялык тартипте гана иштеп баштаган.

Учурда бул ооруканада жалпысынан 400дөн ашуун адам көзөмөлдө жатат.

Кыргызстанда 30-майга карата коронавируска чалдыккандардын саны жалпысынан 1722ге жетти. Алардын ичинен 16 бейтап каза болуп, 1113 бейтап айыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости