www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Улан Дыйканбаев орус тараптын сунушуна комментарий берди.

Белгилей кетсек,  26-майда Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчулук кызматты көрсөтүүгө даяр экенин Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров шейшемби күнү ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин видео конференция форматында өткөн жыйынынан кийин билдирген.

"Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы дайыма түшүнбөстүк болуп келет. Тилекке каршы, абал курчуп баратат. Биз союздаштарды күч колдонуудан мүмкүн болушунча баш тартып, сүйлөшүүгө чакырабыз. Ортомчулук кызматыбызды көрсөтүүгө даярбыз. Кырдаал канчалык тез жөнгө салынса, ошончолук жакшы", — деп айткан министр.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү: «Биринчиден, Россия Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы болуп келген жана болуп кала берээрин белгилегим келет. Биз бардыгыбыз ЖККУга мүчө мамлекеттербиз. Россия тарапка эки тараптуу колдоо жана камкордук үчүн ыраазычылык билдиребиз ”, - деп белгиледи.

Дыйканбаев Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек арасында айрым инциденттердин келип чыгышына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын расмий каттоонун толук болбой жатышы себеп экендигин эскертти. Бул багытта иштер эки тараптуу форматта, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумдарынын алкагында жүргүзүлүүдө.

«Кыргыз Республикасы бул маселени тараптардын өз ара кызыкчылыктарын эске алуу менен тез арада тынчтык жолу менен гана чечүү керектигин билдирет.

Кыргыз тарап чек арадагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн чек ара аймактарынын калкы арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акыркы жыйынтыкка багытталган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Биз провокациянын жана күч колдонуунун алдын алууга аракет кылабыз”, - деди ал.

Ошол эле учурда, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тажикстан боордош коңшу мамлекет экендигин, аны менен “чек ара маселесин ар тараптуу жана системалуу түрдө эки тараптуу форматта чечүүнү улантып жатабыз” деп баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости