www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев долбоор менен таанышты.

Жеринде транспорт министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү алдыда аткарыла турган иштер, долбоордун максаты, техникалык өзгөчөлүктөрү жана ишке ашыруу этаптары боюнча маалымат беришти.

«Төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда.

Белгилей кетсек, аталган долбоор унаа тыгынын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана инфраструктураны жакшыртууга багытталып, аймактар аралык байланыштарды жеңилдетмекчи.

Последние новости