www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин текшерди.

Текшерүү учурунда "Аалам Строй" ЖЧКсына таандык Анкара көчөсүндөгү турак жай комплексинин ондон ашык блогунун ар биринде бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эржелери бузулгандыгы аныкталды. Ошондой эле, аталган компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораториялардан өткөргөндүгү белгилүү болду. Мындан сырткары курулуш объектисиндеги блоктордун мыйзамсыз үлүш ээлерине пайдаланууга берилгендиги аныкталды. 

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн "Аалам Строй" ЖЧКсына карата комплекстин ондон ашык блогунун ар бири боюнча айып пулдар салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Ошондой эле, курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат. Мындан сырткары, министр объектидеги курулуштун сапатын Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториясынан өткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми лабораториянын жыйынтыгы боюнча өзүнчө чаралар көрүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында министр Нурдан Орунтаев министрликке караштуу мекемелердин жооптуу кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.

https://www.facebook.com/share/r/1AhbLEnTcR/

Последние новости