www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-апрелде түз эфир учурунда Ала-Бука районунда обсервацияда жаткан дарыгерлер "Бишкектен келген комиссияны мурунку райондук оорукананын жетекчиси кой союп сыйлаптыр. Биз апрель айында нөөмөт тапшырып, анализ тапшырганбыз. Азыркыга чейин анализдерибиздин жыйынтыгын айтыша элек", - деп суроо узаткан.

Ал эми минстрлик тарабынан уюштурулган комиссия бул маалымат чындыкка дал келбестигин айтып чыкты.

"Биз Ала-Бука районунда 4 күн болдук. Бул учурда бир дагы комиссия мүчөсүнө тамакка чакыруу болгон жок. Ал эми оорукананын мурунку башкы дарыгери менен көрүшүп сүйлөшүү болгон, бирок ал кой союп бизди коноктогон эмес. Ал эми анализдердин жыйынтыгы эмне себептен чыкпай жаткандыгын карап жатабыз", - деп билдирген комиссиянын жетекчиси Алексей Кравцов.

Айта кетсек, өлкөнүн түштүк аймагында дарыгерлердин коронавирус жуктуруп алган учурларын текшерип, жагдайларды изилдөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости