www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекти көп кабаттуу үйлөргө өткөзүү качан келет?

Бишкекти өзүбүз чоң кыштак кылып жатабыз. Бишкекти курчап турган 47 жаңы конуш бар, анын бары Чүй облусуна тиешелүү түшүмдүү мол бере турган жерлер эле. Эми конуштарга айланып айдоо жерлердин көлөмү азайды.Айлананы карап көрөлү. Түркиянын борбору Анкараны курчаган жаңы конуштар маселеси кандай чечилген?

Анкарада биздикиндей жаңы конуштарын кантип бийик кабат үйлөргө көчүргөнү боюнча мэрия иш жүргүзгөн. Бул абдан эле жеңил болот экен. Буга болгону саясый эрк керек. Антпесе ишке ашпайт. Түрктөр деле адегенде элди жер тамдан кабат үйлөргө чыгарыш кыйын деп ойлошуптур. Ал эми жаңы конуштардагы үйлөр топурак менен, сокмо менен салынган үйлөр да. Анан ар бир жашоочу кабат үйлөрдөн жакшы квартираларды ала баштаганда, калгандары да сүйүнүп, топурактан салган үйлөрүн өздөрү түздөп бош жерлерди өткөрүп беришиптир.

Ашып кетсе алты-жети жылдай убакыт ичинде түрк бийлиги жаңы конуштардагы 280 миңдей адамды көп кабаттуу үйлөргө көчүрүшкөн. Ошондо укмуш сонун кичи райондор курулуп, азыр Анкарада мелтиреген бийик кабаттуу үйлөр тирелип турбайбы. Орусияда “Реновация” программасы менен курулуш жүрүп жатат. Алар илгерки Сталиндин, Хрущевдун убагында салынган эски төрт-беш кабаттуу үйлөрдүн жанына эле 35, 40 кабаттуу бир үй курушуп, төрт-беш үйдүн жашоочуларын бир үйгө көчүрүп жатышат.

Ошондо тиги эски үйлөрдүн ордунан көп жер бошоп жатпайбы. Аларга да бийик кабаттуу үйлөрдү куруп, канча жерди сарамжалдап жатышат. Шаар пирамида түрүндө өсүп жатат.

Мисалы, беш үйдүн жашоочуларын бир үйгө батырса, бери жакта беш участок бошоп калууда. Ал жерге дагы беш-алты көп кабаттуу үй тургузуп, аларга дагы он беш-жыйырма эски үйлөрдө жашагандарды батырып, эл болсо ушундай үйлөрдө кубанып жашап жатышат. Эмнеге?

Анткени үй жаңы, бир кезде Хрущев салган үй менен азыркы заманбап үйдүн айырмасы асман менен жердей да! Терезелер чоң, ашканасы кенен, ыңгайлуу салынган, залдары чоң. Илгери бир адамга 5 же 7 м2 аянт болушу керек деген ченем бар болчу. Азыр мындай талап жок, үч бөлмө үй бери дегенде 80 же 90 үй болот.

Бишкекте деле ушундай жасасак болот. Антпесек, чоң кыштак болуп кала беребиз. Бишкекти курчаган жаңы конуштардын ордуна бийик кабаттуу үйлөрдү куруп, маселени чечсек болот. Бир жаңы конуштан эле чоң курулуштар башталса, элге да жакшы болмок.

Мисалы, бир үй-бүлөдө ата-энеси өзүнчө бардык шарты бар үч бөлмө квартира, бой жеткен баласы эки бөлмө квартира алып калса сонун эле болбойбу! Анан азыр жаңы салынып жаткан кабаттуу үйлөргө, жеке менчик үйлөргө күн батареясын орнотуу талабын коюш керек. Жаңы үйлөр бүтүп, өткөрүп алып жатканда да текшерип алыш керек. Ошол үй күн батареясын коюп өзүн актагыдай шарттарды түзсөк, бул келечек үчүн жакшы болот. Бишкекти курчап турган 47 жаңы конуш бар дедик.

Жаңы конуштардын жолдору, жарыктандыруу жана жашылдандыруу проблемалары дайыма чечүүнү талап кылат. Кыргызстандын төрт тарабынан элибиз Бишкекке агылып, борборубуз баарыбызды багып жатат. Бишкек дотацияда отурган башка облустарды да багат, мунун натыйжасында өзүндө өнүгүүгө каражат калбайт. Мисалы, Алматы менен салыштырсак, аякта да бир миллион адам, Бишкекте да бир миллион адам жашайт.

А бирок Алматынын бюджети бери дегенде 1,5 – 2 млрд. доллар, ал эми Бишкектики ашып кетсе 100 миллион, болбосо 85, 90 миллион доллардын тегерегинде. Биз ошондо жаныбызда турган эле Алматыдан бюджетибиз да, жашообуз да он эсе төмөн туруп жатабыз. Борборубуздун деңгээли да он эсе ылдый түшүп турат. Бишкек –биздин мамлекеттеги эң чоң шаар. Борборубуз күн санап өсүп, Чүй өрөөнүнүн эң асыл баалуу айдоо аянттарынын топурактары курулуштун алдында калууда.Топурактарды калыбына келтирүү үчүн миңдеген жылдар керек.

Ансыз деле аймагыбыздын көпчүлүгүн айдоо аянтына жараксыз жерлер ээлеп турганда эмне үчүн айдоо аянттарын шаарга салып берип атабыз? Бул жердин ар бир чарчы метр жери алтынга барабар. Ошондуктан, көп кабаттуу курулуштарга көбүрөөк басым жасашыбыз керек.

Жаңы конуштарда канчалаган айдоо жерлери там алдында калды. Бишкек чоң кыштакты элестетпей, дүйнөнүн башка борборлорундай болсо. Ачык айтканда азыркы Кыргызстандагы система эл үчүн эмес аткаминерлер, бийлик үчүн гана түзүлгөн. Кичинекей «чиништен» тартып жогорку бийликке чейин ушундай шартка ыңгайлашкан. Мисалы, бизде 13 кабаттан бийик үй куруш үчүн өкмөттүн токтому керек. Эмнеге?

Дегеле 40 кабат курулуш курам деген бирөө чыкса сүйүнүп, сал деп шарт түзүп беришибиз керек эле да! Жердин баасы кымбат болуп жатса, борборубуз жалпайбай бийик өссө жакшы болбойт беле! Бул жерде маселени шаар мэриясы чечпей мамлекеттин өкмөтү чечип жатат. 13 кабаттан өткөн үй салыш үчүн болгон министрликтердин бардыгы менен макулдашып, уруксат берүүчү бардык документтерди алгыча ортодон бир топ жыл өтөт. Ошон үчүн маселени мындай жол менен чечүүдөн кетишибиз керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости